Жаңылыктар
Коронавируска каршы күрөшүүдө кандай кемчиликтер бар?
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавируска каршы күрөшүүдө кандай кемчиликтер бар?

Өкмөт ковид-19 менен күрөшүүдө жаралган кемчиликтер тууралуу жеке жана мамлекеттик медициналык мекемелер менен ачык сүйлөштү. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жеке менчик лабораториялардын жетекчилери менен болуп жаткан көйгөйлөрдү чогуу талкуулады. Анда илдеттен жабыркагандарды дарылоо, дары-дармектер менен убагында камсыз кылуу, дарыгерлердин жетишсиздиги сыяктуу орчундуу көйгөйлөр айтылды.

Ковид-19дун экинчи толкуну күчөп турган чакта, андан арылуудагы бардык маселелер ачык талкууланды. Биринчи кезекте вируска тест тапшыруунун баасы каралып, пчр анализ 1574 сом турарын, андан арзандатууга мүмкүнчүлүк жок экени айтылды. 

Жеке лабораториялардын жетекчилиги ковидге каршы дарылоодогу талаптар реалдуулукка дал келбей турганын белгилешти. Мындай ооруга мамлекет алгачкы жолу тушугуп жатканын, ооруканалар болсо буга чейин эбак эле салынып башка талаптардын негизинде иш алып баргандыктан азыркы талаптарга дал келбейт. Анализ алуу жеке лабораторияларга берилгендиктен жоопкерчилик жагы эске алынышы керектиги айтылды.

Азыркы тапта керектүү дарылар, жеке коргонуучу каражаттар жана айрым жеке тамактар буйрутма берген медициналык жабдуулар чек арадан өтпөй турат. Алардын кечеңдеши өлкө ичиндеги пандемиялык шартты жеңүүдө түйшүк жаратууда.