Жаңылыктар
Мамлекеттик органдарды реформалоо аракети. Ак кагазга жазылган аракеттер, алыгылыктуу ишке ашабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик органдарды реформалоо аракети. Ак кагазга жазылган аракеттер, алыгылыктуу ишке ашабы?

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу тутумун уюштуруунун жаңы ыкмаларын түзүү пландалууда. Ал эми мындай аракеттер мамлекеттик органдарды оптимизациялоо жолу менен ишке ашырылмакчы. Азыркы учурда өкмөттө түзүлгөн мекемелер аралык комиссия мамлекеттик органдардын түзүмү жана курамы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу процессин баштады.

Сандан сапатка өтүү. Мамлекеттик органдардын ишмердигин жакшыртуу аракети мына ушундай ураан менен башталууда. Алдыдагы 2-3 ай аралыгында өкмөттө түзүлгөн мекемелер аралык комиссия мамлекеттик органдардын түзүмү жана курамы боюнча тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыгышы керек. Комиссияга 11 киши мүчө болуп кирди.