Жаңылыктар
Өлкөнүн баш мыйзамы коомдук талкууда. Конституциядагы негизги өзгөрүүлөр кайсылар?
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн баш мыйзамы коомдук талкууда. Конституциядагы негизги өзгөрүүлөр кайсылар?

Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору коомдук талкууга коюлду. Баш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылды. Андагы негизги өзгөрүү - Элдик Курултай институту түзүлөт. Президент өз ыйгарым укуктарын аткаруу менен бирге өкмөттү дагы жетектейт. Ал 5 жылдан 2 мөөнөткө шайланса болот. Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны жүз жыйырмадан токсонго азаят.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө коомчулуктун пикири кандай? Албетте, өзгөртүү керек дегендер да бар, ошол эле учурда Конституциянын өзгөрүүсү карапайым элдин турмушун жеңилдетпейт дегендер да жок эмес. Алар президенттик башкарууну колдойбу же парламенттик башкарууну туура көрүшөбү, аны да билип көрдүк.

Жарандардын көбү сын айтып жаткан парламенттеги эл өкүлдөрүнүн саны сунушталып жаткан баш мыйзамдын жаңы редакциясында токсонго азайтылды. Ал эми алардын шайланып келүү жолу тууралуу так жазылган жок. Ал атайын өзүнчө мыйзам менен аныкталат.

Ал эми президенттин ыйгарым укуктары тууралуу сөз кыла турган болсок, ал мамлекеттин башчысы жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн. Ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга эки мөөнөттөн ашык эмес шайланат деп жазылган. Буга чейин айтылып келген жоопкерчилик маселеси бир адамга жүктөлүп отурат.