Кыргызстан менен Орусиянын тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрү жакынкы арада Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча жолугушуу өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, жолугушууда кызматташуунун кийинки кадамдары талкууланат. «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык катталган.
Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бардык милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусиядан иш жылбай жатканын айтып, бул келишимден чыккан.