19-20-ноябрь күндөрү Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана башка расмий кызмат адамдары менен жолугушат.
“Алдыдагы жолугушууларда Кыргызстан менен Тажикстандын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук тармактарындагы кызматташтык маселелерин кароо пландалууда”, - деп билдирет министрликтен.
Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация иштерине, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын деңгээлиндеги эки тараптуу иштерге өзгөчө көңүл бурулат.