Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен валюта рыногунда үчүнчү ирет интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банк расмий сайтына жазды.
Улуттук банк бул ирет валюта рыногуна 500 миң доллар сатты. Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 18-ирет интервенция жасап жатат. Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.