Коронавируска каршы дагы бир вакцина таасирдүү деп табылды. Америкалык «Moderna» компаниясы өзүнүн вакцинасын сыноодон ийгиликтүү өткөзүп, коронавируска каршы 94,5 % натыйжа көрсөткөнүн айтууда.
Буга чейин «Pfizer» вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өткөнү маалымдалган эле. Ошентип АКШда коронавируска каршы экинчи дары иштелип чыкты. АКШнын башкы эпидемиологу Энтони Фаучинин баамында бул абдан таасирленткен жыйынтык болду.
Жаңы жылга чейин «Pfizer» вакцинасынын 40 млн дозасын чыгаруу пландалып жатат. Ал эми «Moderna» 20 млн өлчөмдөгү вакцина өндүрөт. 2021-жылы аталган эки компания вакцинаны 500 миллиондон 1 жарым млрд-га чукул өлчөмдө чыгарууну көздөп турат. Ал эми буга чейин белгилүү болгондой, Кытай менен Орусия жакынкы күндөрдө өздөрү өндүргөн вакцина менен жапырт эмдөө баштайт.