Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
Республикалык наркология борборунда 97 орун, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 31 орун, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 21 орун, Улуттук госпиталда 20 орун, №1 шаардык клиникалык ооруканада 11 орун, Улуттук онкология жана гематология борборунда 10 орун, Улуттук госпиталдын урология борборунда 7 орун, №2 клиникалык төрөт үйүндө 7 орун, Темир жол ооруканасында 6 орун, Улуттук кардиология жана терапия борборунда 5 орун, Улуттук хирургия борборунда 2 орун бар, Улуттук фтизиатрия борборунда 1 орун бош, ал эми Кыргыз-Түрк ооруканасында бош орун жок.
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун күчөп жатканына байланыштуу ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалыматты күн сайын жарыялап турат.