Жаңылыктар
19-ноябрдан тарта кинотеатрлар менен фуд-корттордун иштешине уруксат берилиши мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
19-ноябрдан тарта кинотеатрлар менен фуд-корттордун иштешине уруксат берилиши мүмкүн

Бишкекте жакынкы күндөрү кинотеатрлар жана фуд-корттор иштей башташы мүмкүн. Алдын ала маалыматтар боюнча, кинотеатрлар жана фуд-корт 19-ноябрдан тарта иштей башташы мүмкүн.

Эске салсак, ушул жылдын март айынын аягынан бери коронавирус пандемиясынын кесепетинен кинотеатрлар менен театрлардын, соода борборлорунун, ашкана аянтчаларынын жана балдар аянтчаларынын иши токтотулган.

Убакыттын өтүшү менен айрым чектөөлөр алынып салынды, бирок кинотеатрлардын ишине тыюу салынган бойдон калды. Кинотеатрлардын ээлери шаар мэриясына жана республикалык штабга алардын иштешине уруксат берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан.