Жаңылыктар
Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстандан 2:1 эсебинде жеңилди
Кыргызстан жаңылыктары
Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстандан 2:1 эсебинде жеңилди

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы жолдоштук турнирдин биринчи айлампасынын беттешинде Өзбекстандан 2:1 эсебинде жеңилип калды.

Оюн 17-ноябрда Ташкент шаарында өтүп, үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.

6-мүнөттө Нурсултан Абдылдаев коргоочулардын катасынан кийин таамай сокку узатып, Кыргызстандын курама командасы эсепти ачты.Тайм аягында Өзбекстан эсепти 1:1 кылып теңеди. Сааттын аягында Өзбекстан курама командасы дагы бир гол киргизип, 2: 1 эсеби менен жеңишке жетти.

Кыргызстандын курама командасы 18-ноябрда экинчи айлампада Тажикстан менен беттешет.