Бишкек шаарына түшкөн карды тазалоого 413 тонна техникалык туз керектелди. Бул жумуштарга “Тазалык” ишканасынын техникасы жана жумушчулар тартылып, алар шаар тургундарына шарт түзүү максатында түнү бою иштешти. Жолчуларга кайгуул кызматы дагы көмөктөшүп, бирге иш алып барышты.
Мидин Жумалиев борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалап иштегенине быйыл 10 жыл болду. Ал таң атканча унаасы менен жолдорго инерттүү материал сээп чыгып, эс алганы ишканага келди. Кар жааса айдоочу ишин кайра улантат. Жумушчулар ысык тамак, жуунуучу жай жана уктоочу бөлмө менен камсыздалган. Эртели кеч акысыз тамак берилет. Суукта иштеген кызматкерди ашпозчулар түрлүү тамак жасап тосуп алат.
16-ноябрда күндүз жааган карга удаа тазалоо иштери башталган. Бул иштерди аткарууга 38 техника жана 25 кызматкер тартылып, аларга кайгуул кызматы көмөктөштү. Жол көзөмөлдөөчүлөр унаага ыңгайсыздык жараткан жолдорду аныктап, туз чачуу ошол жолдордон башталган.
Жол тейлөө бөлүмү тарабынан кышка алдын ала даярдык көрүлгөн. Учурда ишканада кар тазалоочу 40ка жакын техника бар. Мурда кышында инерттүү материал кол менен чачылып келсе, соңку 3-4 жылдан бери техникалар жаңыланып, маселе чечилген. Ошондой эле, кумдун ордуна техникалык туз колдонулуп жатат. Былтыр Бишкек шаарына 6 жарым миң тонна туз керектелсе, учурда 5,7 миң тонна топтолгон. Туз Казакстандан тендер аркылуу келет. Ишканага кар жаай турганы тууралуу маалымат келип түшөр менен, жолчулар алдын ала даярданат.
Бишкек мэриясы жол тазалоо иштерине байланыштуу 1840, 1850 кыска номурларына күнү-түнү чалса болоорун билдирет. Патрулдук милиция болсо, айдоочуларга биринчи кезекте жайкы дөңгөлөктү кышкыга алмаштырууну эскертет. Коопсуздук эске алынбаса, жол кырсыктары көп катталат.