Жаңылыктар
Өкмөттө мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо боюнча иш башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттө мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо боюнча иш башталды

Өкмөттө мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо багытында сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. 

Комиссиянын алгачкы жыйыны бүгүн өтүп, ага бир катар министрлик жана ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты. Мекемелер аралык комиссия түзүү боюнча өкмөттүн токтомуна буга чейин премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Документке ылайык, мекемелер аралык комиссия бири биринин функцияларын кайталаган мамлекеттик органдарды реформалоо жана алардын ишин оптимизациялоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат. Комиссиянын төрагасы Бакыт Аманбаев, азыркы учурда Кыргызстанда республикалык бюджеттен 321 миң адам айлык акы алаарын, жыл сайын маяналарды төлөөгө бюджеттен 48 млрд сом жумшаларын билдирди. 

"Эгер бул суммага пенсия жана жөлөк пулдарды алып жаткан жарандарды кошсок, анда 118 млрд сомду түзөт", - деди комиссия төрагасы. Андыктан мамлекеттик органдарды реформалоонун негизинде, мамлекеттик кызматкерлерди 10%га чейин кыскартуу каралууда. 

Бул эмгек акыны жогорулатууга жана мамлекеттик кызматка таланттуу жаш адистерди тартууга мүмкүндүк берет. Аманбаев мындан ары мамлекетик кызматка кадрлар атайын сынактын негизинде гана алынарын кошумчалады.