Баткенде 600 гектар жер калктуу конушка айланды. Бул чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн көрүлгөн чара. Учурда жер тилкелерин трансформациялоо жүрүп жатат. Эми турак жайы мыйзамсыз салынып калган 11 миңден ашуун үй-бүлө документке ээ болот.
Иш жүзүндө жер турак жай үчүн пайдаланылып, бирок анын документине ээ эмес жарандар миңдеп саналат. Бул тургундардын каттоого туруу, насыя алуу, социалдык кызматтардан пайдалануу укугун чектейт. Көйгөйлүү маселе Садыр Жапаровдун Баткенде эл менен жолугушуусунда да көтөрүлгөн.