Жаңылыктар
Конституциялык реформа маселеси күн тартибине чыгып, баш мыйзамдын долбоору даярдалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык реформа маселеси күн тартибине чыгып, баш мыйзамдын долбоору даярдалууда

Учурда конституциялык реформа маселеси күн тартибине чыгып, баш мыйзамдын долбоору даярдалып жатат. Андагы негизги демилгелердин бири - парламенттик шайлоо тутумун өзгөртүү. Ага ылайык эл өкүлдөрүнүн саны токсонго кыскарып, алардын отуз беши бир мандаттуу жол менен округдардан шайланса, калганы партиялык тизме менен келе турган болууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2007-жылдан бери партиялык тизме менен өтүп келет. Пропорционалдык система менен шайланган Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышында токсон депутат болгон. Андан кийинки бешинчи жана азыркы алтынчы чакырылышта 120 депутат бар. Эгер жакын арада баш мыйзам өзгөрө турган болсо бул сан кайрадан токсонго кыскарат.