Жаңылыктар
Өкмөт банктардан насыя алган жарандарга жардам берет
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт банктардан насыя алган жарандарга жардам берет

Өкмөт банктардан насыя алган жарандарга колдоо көрсөтүү механизмин иштеп чыкты. Ага ылайык 100 миң сомго чейин насыя алган жарандарга мамлекет үстөк пайызын төлөгөнгө жардам берет. Бул үчүн өлкө бюджетинен 1 млрд 300 млн сом каражат бөлүндү. 1-октябрга чейин насыя алган Кыргызстандыктар кредиттик мекемелерге кайрыла алышат.

Көп жылдан бери ар кандай насыяларды алып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан Бакытжан Төрөбаев, чакан машыгуу залын ачкан. Бирок пандемияга байланыштуу киреше ойдогудай болбосо дагы, насыяны ай сайын төлөөгө туура келет. Эми 3 айдын үстөк пайызын төлөөгө мамлекет жардам берерин угуп, сүйүнүп отурат.