Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланды.Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка караганда, өлкөнүн Премьер-министри кол койгон токтомго ылайык, Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагындагы 151 гектар жана Дара айыл аймагындагы 148 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду.
Ошондой эле өкмөт башчы Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан 300 гектар жерди трансформациялоо боюнча токтомго кол койду.
Бул чечимдер жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүү максатында кабыл алынды.