Баткен облусунда 2021-жылдын түшүмү үчүн 6 миң 991 гектарга күздүк эгүү пландаштырылып, бүгүнкү күндө 4 миң 116 гектарга себилип, жумуш 60% аткарылды. Анын ичинен 3 миң 977 гектарга буудай, 143 гектарга арпа себилди.
Пандемияга байланыштуу облуста азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айдоо жер аянтын көбөйтүү аракеттери көрүлүп, ал 2019-жылга салыштырмалуу 2 миң гектарга көбөйтүлдү. Дыйкандар үчүн күйүүчү жана майлоочу майлар, айыл чарба техникалары жетиштүү. Облус боюнча жалпы сугат айдоо жерлеринин аянты 37 миң гектарга жакын.