Пакистан Кыргызстандагы медициналык төрт окуу жайын "кара тизмеден" чыгарды. Бул тууралуу Пакистандын медициналык комиссиясынын расмий сайтында маалымдалды.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Орус славян университети, Ош мамлекеттик университети жана Эл аралык жогорку медицина мектеби эми "жашыл тизмеде". Пакистандын лицензиялык комиссиясы аталган университеттерди кайрадан баалоодон өткөрүп, тааныгандыгынан кабар берет. Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын "кара тизмеге" киргизген. Тагыраагы, бул өлкө студенттерине Кыргызстандагы медициналык окуу жайларга тапшырбоону сунушташкан. Бул жагдайга пакистандык студенттердин 90 пайызы Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.