Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө тажрыйба алмашуу боюнча пикир алмашты.
Ошондой эле саясий диалогду жандандыруу керектигин белгилеп, биргелешкен жолугушуу жана сапарлардын графигин кароо менен саясий кеңешмелерин өткөрүүнү талкуулашты. Өз кезегинде Казакбаев соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү керектигине, өз ара кызыкчылыктарга ээ болгон энергетика, тоо-кен тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууну демилгелөөгө басым жасады. Элчи Украина тараптын Кыргызстанда соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүн ачуу пландары бар экенин билдирди.