Өлкөдөгү кайрымдуулук фонддордун бири №71 мектеп-интернатында билим алып жаткан 100дөн ашык окуучу менен мугалимдер жамаатына сый-тамак уюштуруп, окуучуларга кийим-кече жагынан жардам беришти.
Мындай демилгени колго алган кайрымдуулук фонду буга чейин да муктаж болгон окуучуларга көмөк көрсөтүп келишкен. Учурда №71 мектеп-интернатында 200гө жакын бала билим алат.