Жаңылыктар
Транспорт жана жолдор министри Төө-Ашуудагы абалдан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Транспорт жана жолдор министри Төө-Ашуудагы абалдан кабар алды

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев Төө-Ашуудагы абалдан кабар алды. Ал ошондой эле жолдогу кар тыгындарын тазалап, унаа каттамын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн иштеген башкармалыктын иштерин текшерди. 

Учурда кар тазалоочу техникалар жетиштүү болгону менен алардын көпчүлүгү эскилиги жеткен. Министр атайын унааларды жаңылоо керектигин айтып, Бишкек - Ош жолун тейлөөгө өзгөчө көңүл буруларын эскертти. Аны менен катар Кусеин Көлбаев атындагы тоннелди да көрүп, кышкысын каттамдар үзгүлтүккө учурабай турганын жана калың карга даярдыктарды көрүп чыкты.