Доллардын кунунун кымбатташы дүйнөлүк экономикага байланыштуу. Бул албетте коронавирустун таасири, чек аралардын жабылышы жана бизнестин солгундашы. Мындай пикирди экономисттер билдирип жатат. Ал эми Кыргызстандын валюта рыногунда бир доллар 85 сомго чейин чыкты. Доллар наркынын кымбатташына байланыштуу Улуттук банк сомдун баасын туруктуу кармап туруу максатында төрт күн мурда кезектеги интервенцияны жасады.
Демейде кымгуут болгон акча алмаштыруучу жайларда, бирин-экин гана кардар болбосо мурдагыдай долларды тутамдап алмаштыргандар аз эле. Акча алмаштыруучу жайларда бир жумага чамалап калган убакыттан бери бир доллардын баасы 85 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Акча алмаштыргандар мындай жагдайга алар таасир эте албай турганын айтышууда. Жыл башынан бери доллардын курсу туруктуу боло элек. Кымбаттагандын гана үстүндө болууда. Кыргызстанда доллардын курсу орточо 15-16 сомго көтөрүлдү.
Доллардын баасынын соңку ирет жогорулашына байланыштуу Улуттук банк өткөн аптада кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 26,8 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен жыл башынан бери 16 жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 382 миллион доллардан ашыгыраак акча коюлду. Бул аракеттер улуттук валюта - сомдун туруктуулугун колдоо максатында ишке ашырылып жатат жана абал көзөмөлдө.
Доллардын кыргыз сомуна карата баанын кескин жогорулап жактанына тышкы жана ички факторлор таасир этет. Экономисттердин айтымында доллардын наркын дүйнөлүк экономика тескейт. Ошол эле учурда пандемияга байланыштуу чек аралар жабык бойдон турат, коронавирус ата мекендик өндүрүш менен бизнестин ишин артка тартты. Мунун баары доллардын курсуна таасир этти.
Доллардын кымбатташы менен азык-түлүктүн да баасы жогорулады. Валюта рыногундагы ушундай эле көрүнүш кошуна мамлекеттерде да болуп, сырттан импорт болгон товарлардын баасына таасир этүүдө.