Жаңылыктар
Тумоого каршы күрөш
Кыргызстан жаңылыктары
Тумоого каршы күрөш

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Өткөн бир сутка аралыгында дагы 479 адамдан коронавирус аныкталды. Учурда ооруканада 3279 бейтап дарыланып жатат, тумоого кабылган дагы 4043 киши үйдөн дарыланууда. Ушул күнгө карата вируска чалдыккандар жалпы 66 983 кишиге жетти. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, өлкөдө абал күндөн-күнгө кыйындап бара жатат. 

Көп жылдык тажрыйбасы бар пульмонолог-фтизиатр Калдыгүл Душимбекова март айынан бери башка дарыгерлер менен бирге медициналык кайра даярдоо жана дасыгын жогорулатуу институтунда дарыгер жана медайымдарды коронавирус тумоосун аныктоо жана дарылоо боюнча окутуп келет. Окутуу он-лайн түрүндө өтүп, бардык багыттагы ак халатчандар билим алууда.

КОВИД-19ду ушул Полимераз чынжыр реакциясы аныктайт. Россия жиберген бул тест системасы 50 миң кишинин дартын лабораториялык жактан тастыктоого жетет. Жардам катары келген 500 комплектинин бир даанасы орто эсеп менен 24 миң сомго барат. Адистердин айтымында, дартты аныктоочу реагент өлкө боюнча эки айга жеткидей көлөмдө бар. 

Ушул күндөрү 15 лаборант ПЧР ыкмасы менен анализ алууну үйрөнүп жатат. Буга чейин жугуштуу ооруларды аныктаган мамлекеттик 3 лаборатория иштеп келсе, алардын саны 12ге жеткен. Дагы эки жеке менчик лаборатория бар. Жайында орус адистеринин кеңешин алган дарыгерлер, эми кесиптештерине үйрөтүүдө. 

Дүйнөдө илимпоздор кандай тамак-аштын түрү организмде ооруга каршы күрөшө турганын билдирүүдө. Себеби, туура тамактануу ден соолукка пайдалуу.

Акыркы айларда өлкөдө күн сайын 500дүн айланасында тумоого чалдыккан адам катталууда. Соңку бир сутка ичинде вирус 479 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Микробиологдор коронавирустун оор формасы менен ооруган бейтап айлана-чөйрөгө көбүрөөк коркунуч алып келээрин белгилейт. Адистер кандай болгон күндө да бет капты үзбөй тагынуу керектигин эскертет.