Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу

Өзбекстан Кыргызстанга эки оорукана куруп берет. Мындан сырткары медициналык жабдуу, дары-дармектер менен да камсыз кылат. Ошондой эле коңшу өлкөнүн дарыгерлери коронавируска каршы күрөшүүгө көмөктөшөт. Гуманитардык алаканын алкагында Ташкенттен учак толо жүк келди.

Ташкенттен келип, “Манас” аэропортуна конгон учак медициналык каражаттарга толгон. Дары-дармек, коргонуучу каражаттар, вирусту аныктоочу тест, медициналык топтом жана тамчылатуучу тутумдар бар. Алар өлкөнүн ар аймактарына жеткирилет. Жүктү тапшырып жатып, коңшу мамлекеттин элчиси бул жардам эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында берилип жатканын белгиледи.

Эки өлкөнүн башчылары 14-ноябрь күнү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда кызматташуу маселеси талкууланып, Садыр Жапаров коронавируска каршы күрөшүүдөгү Кыргызстанга буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирген. Эртеси күнү коңшу өлкө дагы жардамын жөнөтүп отурат. Бирок бул Өзбекстандын соңку колдоосу эмес. Эми эки оорукана куруп, аны тиешелүү медициналык жабдуулар менен кошо камсыз кылып берет.

Өзбекстандын жардамы менен салына турган ооруканалардын курулушу жакынкы күндөрү башталаары күтүлүп жатат. Ага керектүү жабдуулар, курулуш материалдары даяр.

Пандемиядан улам алсыраган экономикага октябрь айындагы саясий кризис кошумча түйшүк жаратты. Мындай шартта өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу зарыл болуп турган. Кыргызстанда бийлик алмашкандан бери Өзбекстан эң биринчилерден болуп кол сунду.

12-ноябрда Казакстан менен Өзбекстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргызстанга жардам берүүнү макулдашкан. Коңшу өлкөгө колдоо көрсөтүү экономикалык жана гуманитардык түрдө камсыз кылынаары белгиленген.