Кыргыз өкмөтү жакынкы мамлекеттер менен аба каттамдарын жандандыруу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Россия Федерациясынын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун сүйлөшүүсүндө сөз болду. Азыр өлкөдө пандемия маалында мекенине келген мигранттар жана чет мамлекетте окуган студенттер кете албай убара.
Пандемия маалында Россия, Түркия, Корея, Япония жана башка мамлекеттерден миңдеген мекендештер келип, учурда айрымдары кайра кете албай убара. Вирус күн сайын күчөп, дүйнөдө оорунун экинчи толкуну жүрүп жаткандыктан эл аралык аба каттамдар толук аткарылбай жатат. Өзгөчө Россиянын аймагына кетчү мекендештер күн сайын кезек күтүүдө, ага кошумча билеттин баасы да 20 миң сомдон 80 миң сомго чейин кымбаттаган.
Ковид маалында Кыргызстандын ички каттамдарына чейин токтотулган болсо, азыр ички каттамдар калыптанып, мындан сырткары Россия, Түркия жана Казакстанга маал-маалы менен учактар каттап жатат.
Жарандык авиация КМШ мамлекеттери менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүп, каттамдарды калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. Бирок кыргыз тарап баарын ачып койгону менен, экинчи мамлекет уруксат бербесе аба каттамы жүрбөйт.
Буга чейин дүйнөдө көп өлкөлөр аба каттамдарын жандандырганы менен илдеттин экинчи толкуну күчөгөндө кайра токтотууга аргасыз болушкан. Азыркы тапта каттамдардын убагында аткарылбай жатканы пандемия шартына байланыштуу.