Жаңылыктар
Каржылык жардам жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Каржылык жардам жанданат

Россия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү калыбына келтирет. Бул эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн Москвадагы жогушуусунда макулдашылды. Тараптар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын талкуулап, кызматташуу маселеси каралды. Буга чейин Россия Кыргызстанда абал турукташканча финансылык жардам убактылуу токтотулганын кабарлаган.

14-ноябрда Москвада Кыргызстандын делегациясы Россиянын өкмөт өкүлдөрү жана Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары менен жолугушуп, кызматташуу маселеси талкууланган. Анда жетишилген макулдашууга ылайык Орусия салык системасын жакшыртууга жардам берет. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия каржылык колдоону да калыбына келтирээри белгилүү болду. Буга чейин Россия Кыргызстанга каржылык жардам берүүнү токтоткону кабарланган. Москва мунун себебин саясий туруксуздукка байланыштырган эле. Ошол эле учурда абал жөнгө салынганда жардам жанданаары белгиленген. 

Москвадагы жолугушууда коронавируска каршы биргелешип күрөшүү маселеси да талкууланган. Ага ылайык Россия Кыргызстанга кооптуу ооруну аныктоочу 50 миң тест система берди.