Жаңылыктар
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө

Президентти шайлоо өнөктүгү башталганына байланыштуу өлкө башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ыйгарым укуктарын токтотуп, парламент төрагасына өткөрүп берди. Ал эми өкмөт башчынын кызматы убактылуу токтотулду. Шайлоонун расмий жыйынтыктары чыкканга чейин аткаруу бийлигин биринчи вице-премьер министр Артём Новиков жетектейт. 

Азыр иштеп жаткан баш мыйзамдын талабы боюнча президент бир мөөнөткө гана шайланат. Эгерде бүгүнкүдөй мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо боло турган болсо, анда өлкө башчынын милдетин аткаруучу шайлоого катышам десе, кызматын тапшырышы керек. 

Жогоруда айтылгандай баш мыйзамдын нормаларына ылайык шайланган президент жана депутаттар гана ыйгарым укуктарын токтотпостон шайлоого катышса болот. Ал эми президенттин милдетин аткаруучуга мындай укук берилген эмес. Эмне үчүн өкмөт башчылык кызмат убактылуу токтолушу керек дей турган болсок, премьер-министр президенттикке талапкер болуп кызматтан биротоло кете турган болсо, бүтүндөй министрлер кабинети отставкага кетиши керек болмок. 

Мындан улам президенттик шайлоого катышууну чечкен Садыр Жапаров өлкө башчынын милдетин аткарууну парламент төрагасына өткөрүп берди, ал эми өкмөт башчылык кызматты убактылуу биринчи вице-премьер-министр аткарат. 

Кыргызстан өлкө тагдырын чечкен өткөөл мезгилди башынан өткөрүүдө. Эң ириде өткөндөн сабак алып, алдыда боло турган президенттик жарышты таза жана адилет уюштурууну камсыздоо зарыл экенин адистер эскертишет. 

Шайлоону таза өткөрүү маселеси бүгүн коомчулуктун талабы. Болбосо мындан бир ай мурдагы саясий кризис кайталанбайт деп ким кепилдик берет? Андыктан шайлоо өнөктүгүн адилет уюштуруу зарылчылыгын эксперттер белгилешет.