Миграциялык агым кыргыздарды кайсы гана жакка алып барбады. Боордошторубуз Россия менен Казакстан, Европа менен Кореяга, Америкага чейин барып иштеп жатышат.
Мигрант катары Афганистанга барып, ишмердүүлүгүн ийгиликтүү алып барган ондогон кыргыздар бар. Алардын бири Айгүл. Ал Кабул шаарында иштеп жүрүп, 2016-жылы террордук кол салуунун бутасына айланат. Боордошубуздун ажал оозунан кантип суурулуп чыкканы тууралуу окуясын өз оозунан угуңуздар.
Берүүнү кабарчыбыз Асанбек Пазыл даярдады.