Жаңылыктар
Бишкек шаары электрондук айдоочулук күбөлүктү киргизүүнү пландап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаары электрондук айдоочулук күбөлүктү киргизүүнү пландап жатат

Бишкек шаары электрондук айдоочулук күбөлүктү жана транспорттук каттоо күбөлүгүн киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Пилоттук долбоор борбор калаада башталаары, ал бир жылга эсептелгени, ал эми ишке ашыруу республикалык бюджеттен каржылык чыгымдарды бөлүүгө алып келбей тургандыгы көрсөтүлгөн.

 "Транспорт каражаттарын башкарган адамдарды идентификациялоо үчүн пилоттук программалык камсыздоону колдонуу келечекте мобилдик тиркеме аркылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жана автоунааларды каттоонун сертификаттарынын электрондук формасына өтүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгилейт МКК.

Ошондой эле департамент, буга чейин сатылып алынган планшеттик компьютерлер МАИ кызматкерлеринин ишинде колдонуларын кошумчалады.