Бишкекте кырсыктан бир адам жабыркады. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, кырсык кечээ саат 18.00 чамасында Мамбетов көчөсүндө болгон. Ravon унаасынын айдоочусу чыгыш тарапты көздөй бара жатып, 6/2 үйдүн жанында Toyota Camry менен кагылышкан.
Кагылышуунун натыйжасында акыркы унаа учуп кетип, Daewoo Nexia, Volkswagen Passat жана Honda унааларын сүзгөн.
Кырсыктан бир адам жаракат алып, ал ооруканага жаткырылды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.