Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилди. Мындай кадамдын башкы максаты - чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүп, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу. УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат. Жаңы түзүлгөн кызматтын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштар бир айдын аралыгында берилиши керек.
Кыргызстандын чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 21 жыл болду. Ал арада 2004-жылы чек ара кызматы Улуттук коопсуздук кызматынын карамагына өтүп, бирок кандайдыр бир жүйөөлөр менен, эки жылга жетпеген убакытта кайра чек ара кызматы болуп өзүнчө түзүлгөн. Ал эми быйылкы жылдын 14-ноябрында кол коюлган токтомго ылайык, чек ара кызматы кайрадан УКМКга кошулду.