Жаңылыктар
Кыргыз өкмөтү аба каттамдарын жандандыруу аракетин көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз өкмөтү аба каттамдарын жандандыруу аракетин көрүүдө

Кыргыз өкмөтү жакынкы мамлекеттер менен аба каттамдарын жандандыруу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Россия Федерациясынын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун сүйлөшүүсүндө сөз болду. 

Азыркы тапта пандемия маалында мекенине келген мигранттар жана чет мамлекеттерде окуган студенттер кете албай убара. Вирус күн сайын күчөп, дүйнөдө оорунун экинчи толкуну жүрүп жаткандыктан, эл аралык аба каттамдар толук аткарылбай жатат. Өзгөчө Россиянын аймагына кетчү мекендештер күн сайын кезек күтүүдө, ага кошумча билеттин баасы да 20 миң сомдон 80 миң сомго чейин кымбаттаган.