MegaCom компаниясы "Манас" эпосун окуу узактыгы боюнча дүйнөлүк рекордду белгилеген белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковду, платина номурунун сертификатын жана чексиз баарлашуунун бир жылын тапшырды.
Манасчы белекти кубаныч менен кабыл алып, уюлдук оператордун өкүлдөрүнө көңүл бурганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрда 14 саат 27 мүнөт бою "Манас" эпосун үзгүлтүксүз айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирди.
Ата-бабаларыбыздын рухий жана маданий мурастарын сактоого салым кошуу максатында, MegaCom уникалдуу иш-чараны кубануу менен колдоп, бул иш-чараны чагылдырган уюштуруучуларга жана журналисттерге байланыш жана интернет менен камсыз кылды.