Жаңылыктар
Айыл чарба министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү иши. What’s App номуру иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарба министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү иши. What’s App номуру иштей баштады

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги коррупцияга каршы күрөштү баштады. Коррупциялык схемаларга каршы туруу максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин What’s App номуру иштей баштады. 

Эгер сиз министрликтеги коррупциялык көрүнүштөрдү байкасаңыз, анда дароо биздин 0555433300 What’s App номерине байланышка чыгыңыз.
 «Урматтуу жарандар, эгер сиз  министрликтеги коррупциялык схемаларды же коррупциялык көрүнүштөрдү байкасаңыз  дароо бизге кайрылууңуздарды суранабыз. Бизге фактыларды билдириңиз, маанилүү  маалыматтарды жөнөтүңүз. Коррупция менен барыбыз биргеликте күрөшөлү”, - деди министр Тилек Токтогазиев.

Республиканын ар бир жараны ушул What’s App номуру 055543300 аркылуу фото/ видео маалыматтарын жөнөтө алат. Алынган маалыматтар сөзсүз текшерилет жана керектүү чаралар көрүлөт. Ушул сыяктуу маселелерди жана жарандардын башка суроо-талаптарын ыкчам чечүү үчүн келечекте телеграмма ботун киргизүү пландаштырылууда.