Жаңылыктар
Быйыл 9 айда Бишкектин бюджетине 700 млн. сом түшпөй калды,- Бишкек шаарынын мэриясы
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл 9 айда Бишкектин бюджетине 700 млн. сом түшпөй калды,- Бишкек шаарынын мэриясы

Быйыл 9 айда Бишкектин бюджетине 700 млн. сом түшпөй калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. 

Вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча штабдын отуруму болуп өтүп, анда Бишкек шаарынын январь-ноябрь айларындагы бюджетинин кирешелеринин аткарылышы каралды. 

Отурумда айтылгандай, быйыл 9 айда шаардын бюджетинин кирешелери 6,9 млрд. сомду түзүп, белгиленген план 91,3%га аткарылды. Бирок, шаар бюджетине 700 млн. сом түшпөй калды.