Пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү объекттерде архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча мыйзам бузуулар аныкталган:
Сары-Камыш айылындагы ФАП жана М.Норузбаев мектебинин аймагындагы кичи футболдук аянтчанын курулушу тиешелүү талаптарын сактабастан, Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” жөнүндө Мыйзамынын 40,45-беренелерин бузуу менен каттоого алынбастан курулуп жатканы маалым болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган мыйзам бузууларды жоюу максатында 2020-ж. 28-октябрында акты түзүлүп, 2020-ж. 28-октябрында эскертме жазуу берилип, Тору-Айгыр айыл өкмөтүнө КР бузуулар Кодексине ылайык 23000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жаткан курулуш объекттилеринде курулуш нормаларын жана эрежелерин сактоо, техникалык стандартын, техникалык коопсуздук талаптарын сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.