Жаңылыктар
Аламүдүн райондук прокурору үй камагына бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Аламүдүн райондук прокурору үй камагына бошотулду

Пара фактысы боюнча кармалган Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарганы такталды. 

Мындан тышкары, сот райондук прокурордун орун басары Акылбек Мойдуновго карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Эскерте кетсек, Аламүдүн районунун прокурору Эдил Стакеев жана анын орун басары Акылбек Мойдунов УКМКнын АКС тарабынан кармалган. Тергөө учурунда, көзөмөл органынын жетекчилиги көзөмөлгө алынган тергөө бөлүмдөрү менен келишим түзүп, процесстик чечим кабыл алуу үчүн кылмыш ишин козгоп жаткан адамдардан туруктуу негизде опузалап акча алгандыгы аныкталды.