2020-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 4,2 млрд. долларды түзүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,6% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Анда айтылгандай, тогуз айдагы көрсөткүчтө негизинен импорт кыскарды. Сырттан товар алуу 28,1%га түштү. Ошол эле убакта экспорт 10,5% өстү. 2020-жылдын январь-сентябрь айларына карата Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 1,8 млрд. долларды түздү жана 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 12% азайды. Мунун ичинен экспорт 12%, импорт 11,9% кыскарды.