Жаңылыктар
Токтогул шаарындагы жол кырсыгынан үч адам жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул шаарындагы жол кырсыгынан үч адам жабыркады

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кырсыктан үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 16-ноябрда саат 01.20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Торкент айылынын 300-чакырымында Хонда Степ унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен үч адам жаракат алды. Алардын ким экендиги такталып жатат. Жабырлануучулар куткаруучулар келгенге чейин тез жардам кызматы менен жергиликтүү ооруканага жеткирилген.