Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал күтүлөт

Бүгүн, 16-ноябрда жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө  батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Сак болуңуздар! Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. 

Бүгүн күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.