Жаңылыктар
ИИМ: Өлкө аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Өлкө аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө

Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Республика боюнча 2020-жылдын 15-ноябрдан 16-ноябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 127 кылмыш, 103 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.  Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда. 

Республика аймагында  укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.