Жаңылыктар
ИИМ: Өлкө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Өлкө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат

Республикадагы ыкчам абал Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат.

 Республика боюнча 2020-жылдын 15-ноябрдан 16-ноябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 127 кылмыш, 103 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. 

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда. Республика аймагында  укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.