Октябрь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын алтын валюта резерви 50,4 миллион долларга кыскарды. Бул туурасында Улуттук банктын сайтында көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, сентябрь айынын соңунда резервдин көлөмү 2 миллиард 995 миллион долларга барабар болчу. Бир айдан кийин ал 2 миллиард 944 миллион долларга түшүп калды. Бул тарыхта экинчи көрсөткүч деп саналууда. Ошол эле учурда Улуттук банк октябрь айында доллардын курсун жөнгө салуу максатында 59 жарым миллион доллар саткан. Алтын валюта запасы Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет.