Жаңылыктар
Президенттик шайлоого катышуу үчүн 63 жаран документ тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттик шайлоого катышуу үчүн 63 жаран документ тапшырды

Кыргызстанда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 65 жаран документин тапшырды. Алардын ичинен экөө арыздарын кайра кайтарып алды. Ушуну менен Боршайкомдо 63 адамдын документи калды. 

Алардын 62си президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөттү, бир адам саясий партиянын атынан сунуш кылынды. Шайлоого талапкер болуп катышуу тууралуу ниетин билдиргендердин сегизи аял, 55и эркек. 

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн жарандар БШКга документтерин 14-ноябрдын акырына чейин тапшырышты.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.