«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары Президенттик шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду.
Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Ушул эле буйрукка ылайык, Президентти шайлоо мезгилинде Премьер-министрдин милдеттерин аткаруу «Өкмөт жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесине ылайык, биринчи вице-премьер-министрге жүктөлдү.