Жаңылыктар
Өрт кырсыктарын алдын алуу
Кыргызстан жаңылыктары
Өрт кырсыктарын алдын алуу

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында өлкөдө 2 миң 45 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, анын 1 миң 299у турак жай секторунда, 239 өрт транспорт, унаа токтотуучу жайларда, кампаларда, соода жайларда - 109 жана 95 өрт ачык аянтта катталган. 

Өрт кырсыктардын негизги үлүшү турак жай секторунда болот. Буга байланыштуу министрлик бузук мештерди жана морлорду, бузук электр орнотмолорун, колго жасалган жылытуучу электр жабдыктарды колдонбоого, ошондой эле күйүп турган тиричилик электр буюмдарын кароосуз таштабоого чакырат.