Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев республикадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Анда министр атайын консультациялык кеңеш түзүлүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен алгоритм иштеп чыкканын билдирди.
Алгоритмдин башкы максаты – COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу. Иштелип чыккан алгоритмде кесиптик лицейлер, колледждер жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин окуусу боюнча 3 сценарий камтылган.
Биринчи сценарийге ылайык студенттер толугу менен аралыктан, экинчи - дистанциондук технологиялар менен салттуу окутуу айкалышат. Ал эми үчүнчү сценарий, толугу менен салттык форматта окутуу.
Ошол эле учурда, кирише бериште дене табын өлчөгүчтөр менен жабдылып, аудиториялар күн сайын санитардык тазалоодон өтүп, студенттердин жана мугалимдердин өздүк гигиенасын көзөмөлдөөгө шарттар түзүлүшү керек.
Ошондой эле министр, алгоритмдин экинчи сценарийине ылайык, кайсы сабактарды онлайн окута берсе болоорун, кайсы сабактарды оффлайнга өткөрүү керектигин аныктап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди. Бул топ бир жуманын ичинде алгоритм иштеп чыгып, министрликке сунушташы керек.