Жаңылыктар
Коронавирустан каза болгон 29 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирустан каза болгон 29 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берилди

Коронавирустан улам каза болгон 29 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Оорунун очогунда жүрүп көз жумган кызматкерлердин жакындарына 1 миллион сом, ал эми вирусту жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынган. Эки жүз миң сомдук кенемтени 377 дарыгер алды.

“Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясына жалпысынан 2350 кайрылуу болду. Буга чейин ооруну жугузуп алган 377 медицина кызматкерине кенемте төлөп берилди. Комиссиянын 28-октябрдагы жыйынында дагы 103 кызматкерге каражат берүү чечими кабыл алынды. Каза болгон 29 дарыгердин жакындарына берилген акчаны кошо эсептегенде компенсация төлөөгө жалпысынан 101 миллион сом сарпталды”, - дейт саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Индира Жумабаева.