Жаңылыктар
Чек ара кызматы УКМКнын курамына өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара кызматы УКМКнын курамына өттү

 Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындай чечим Мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына жүктөрдүн, товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында кабыл алынды. 

Тийиштүү токтомго Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында жайгашкан жери Бишкек шаары болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү. 

Чек ара кызматынын директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат. УКМКга мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизүү тапшырмасы берилди.