Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондо сүйлөштү.
Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды. Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстан башчысына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан үчүн оор мезгилде өзбек тарап дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар, медициналык жабдыктар жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жибергенин белгилеп өттү.
Жыйынтыгында Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.